Баткенге бара турган Жогорку Кеңештин депутаттарынын тизмеси

Баткенге бара турган Жогорку Кеңештин депутаттарынын тизмеси

Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жабык жыйыны аяктады.

Депутаттар жабык эшик артында кыргыз-тажик чек арасынын Баткен жана Ош облусунун Алай районундагы абал тууралуу маалыматты угушту.

Жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен коргоо министри Бактыбек Бекболотов катышты.

Талкуудан кийин депутаттар Баткен облусуна барып, жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүүнү чечишти.

Баткен облусуна автобус менен бара турган депутаттардын тизмеси:

  • Шаирбек Ташиев;
  • Акбөкөн Таштанбеков;
  • Жалолидин Нурбаев;
  • Нурбек Сыдыгалиев;
  • Максатбек Сарбагышев;
  • Тазабек Икрамов;
  • Мирлан Самыйкожо;
  • Өмурбек Бакиров;
  • Нурланбек Ызыгалиев;
  • Сүйүн Өмүрзаков.

Буга чейин депутат Акбөкөн Таштанбеков бир катар депутаттар Лейлек районуна барышы ыктымал экенин айткан.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу макулдашылган. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза болуп, жабыркаган жарандардын саны 198ге жетти.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>