Орусиядан чартердик каттамдар токтотулду, эми билеттерди эркин сатып алса болот

Орусиядан чартердик каттамдар токтотулду, эми билеттерди эркин сатып алса болот

Бүгүн, 27-августтан тарта чартердик рейстерге отургузуу үчүн жарандардын тизмесин түзүү токтоп, авиабилеттерди эркин сатып алуу жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар өз алдынча кассалардан билет сатып алып келе алышат.

«Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан, тактап айтканда КРнын Москвадагы Элчилиги, Санкт-Петербургдагы КРнын Элчилигинин кеңсеси, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы КРнын Башкы консулдугу, Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн чартердик рейстерге жарандардын тизмесин түзүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Ушуга байланыштуу, «Авиатраффик», «Аэрофлот», «Сибирь», «ТезДжет» жана «Уральские авиалинии» авиакомпанияларына авиабилеттерди өздөрүнүн расмий авиакассалары же авиакомпаниянын веб-сайттары аркылуу өз алдынча сатууга укук берилет», — деп маалымдашты элчиликтен.

Эми Кыргызстандын бардык жарандары мекенине учууну кааласа, Элчиликке кайрылбай эле, авиабилеттерди түздөн-түз «Авиатраффик», «Аэрофлот», «Сибирь», «ТезДжет» жана «Уральские авиалинии» авиакомпанияларынын авиакассаларынан же алардын расмий сайттарынан онлайн режиминде сатып ала алышат.

Бүгүнкү күндө, жогорудагы авиакомпаниялардын учактары Бишкек жана Ош шаарларына Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан учуп жатышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>