Ысык-Көлгө 800 миң карп-сазан балыгынын чабагы коё берилдиҮчүнчү балдар ооруканасында 200дөй бала кезекте турган — депутатБишкектин Достук айылында 750 орундуу мектеп курулдуБалыкчыда жолду сапатсыз оңдогон ишканаларга айып пул салынып, кемчиликти жоюу талабы коюлдуИшкер аялдарды каржылоону ишке ашыруу үчүн Улуттук хартияга кол коюлдуКыргызстанда салык мыйзамдарына масштабдуу өзгөртүүлөр сунушталууда
Ош: 12 кабат үйдөн кулап 20 жаштагы кыз көз жумду
14.01.2022 | 11:41
Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кулап кеткен кыз көз жумду. Бул туурасында Ош облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 14-январь күнү түнкү саат 03.00 чамасында Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүнүн 44-дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйүнүн 12 кабатынан, өзү жашаган үйдүн ашканасынан 20 жаштагы кыз түшүп кетип каза болду. Ал Ош шаарындагы орто окуу жайларынын биринин 2-курсунун студенти. Кадамжай районунун тургуну. Окуя болгон үйдө убактылуу жашап турган.
Учурда окуянын себептери иликтенүүдө, тиешелүү күбөлөр суралууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар