Надира Нарматова: Акүйгө журналисттерди тандап киргизишибиз керек

Надира Нарматова: Акүйгө журналисттерди тандап киргизишибиз керек

Жогорку Кеңешке жыйындарды чагылдырган журналисттерге тандап уруксаат беришибиз керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында киргизди.

Ал, “журналисттерди аккредитациялоодо журналисттин басып өткөн жолун, коомчулукка кандай пайда алып келерин, көз карашын, кесипкөйлүгүн эске алып, уруксаат беришибиз керек.  Аккредитациядан өткөн журналисттер бул жерге маалымат алуу үчүн келишет, алар залга келип, ар кандай сайттар аркылуу түз эфирге чыгышат. “Пирамида” телеканалы жыйындарды түз алып көрсөтүп жатат. Бул телеканал гана жыйындарды көрсөтүүсү керек.  Журналисттердин түз эфирде берүү практикасын токтотуу керек. Болбосо «майда-чүйдөлөр» келип түз эфирге чыгып, маалыматты бурмалап беришет», — деди депутат.

Жогорку Кеңештин жыйындарын чагылдыруу үчүн журналисттер атайын каттоодон өтүп уруксаат алышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>