Ош: 75 жаштагы ардагер Түркияга велосипед менен жөнөп кетти

Ош: 75 жаштагы ардагер Түркияга велосипед менен жөнөп кетти

Кечээ, 5-августта 75 жаштагы Мамыт Таштанов  IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Түркияга велосипед менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ош шаарында Мамыт Таштановду Түркияга узатуу иш-чарасы өтүп, ага облус жана шаар жетекчилери, маданият ишмерлери жана башкалар катышкан.

Мамыт Таштановго өкүлчүлүк жана шаар мэриясы тарабынан материалдык жардам көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Мамыт Таштанов Түркияга жетүү үчүн 5 өлкөнүн аймагы аркылуу өтөт: Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Армения, Түркия. Иш-чаранын максаты — түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрь айынын аягында башталат. Ал Түркиянын Изник шаарында өтөт.

Эскерте кетсек, мындан 4 жыл мурда Мамыт Таштанов Бишкектен Ташкентке тур жасап, Өзбекстандын Маргалаң, Кокон, Жизак, Самарканд жана Бухара шаарларын кыдырган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>