Ош базарда башаламан соода кылгандарга каршы рейд өткөрүлдү

Ош базарда башаламан соода кылгандарга каршы рейд өткөрүлдү

Ош базарынын айланасында башаламан соода кылгандарга каршы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, башаламан соода Ленин районундагы эң чоң көйгөй бойдон калууда.

«Айрым соодагерлер базардын ичинде соода орундары турса да сыртында соода кылып келишет. Бүгүнкү күндө Ош базарында болжол менен 450-470 башаламан соода менен алектенген соодагерлер бар. Ал эми Ош базары соода оюн-зоок комплексинде 695тен ашык бош соода орундары бар. Бардык чарбалык субъектилер стихиялуу соодагерлер үчүн орун берүүгө даяр», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Башаламан сооданы жоюу үчүн мобилдик топ аталган базардын аймагында рейд жүргүздү. Чүй проспектиси, Киев, Токтогул, Кулиев, Бейшеналиева көчөлөрүнүн боюндагы сатуучулар башаламан соода жерлерин таштап кетишти. Рейддин жыйынтыгы боюнча 75тен ашык ар кандай конструкциялар — чатыр, стол, отургуч, манекен, коляска алынды.

Ошондой эле соодагерлер менен базардын белгиленген чегинен тышкары коммерциялык ишмердүүлүктү ишке ашырууга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>