Ош базарга өрт өчүрүүчү унаа кире албай койду

Ош базарга өрт өчүрүүчү унаа кире албай койду

Ош базарга өрт өчүрүүчү унаалар кире албай кыйналды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 23-июнь күнү ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Ош базарында атайы өрт-тактикалык машыгуу өткөрүштү.

Машыгуунун сценарийине ылайык базардын соода түйүндөрү жыш жайгашкан көчөлөрүнүн биринде өрт чыгып, аны өчүрүүгө өрт өчүрүүчү унаа тартылды. Тилекке каршы унаанын ылдам баруусуна тоскоол жаратып, тыгынга дуушар болду. Буга соодагерлердин белгиленген чийинден чыгып, соода түйүндөрүн орнотуп алганы себеп болду.

Өрт өчүрүүчү унаа эмес, адамдардын эркин басуусуна ыңгайсыздык жараткан базардагы бул көрүнүш эртең тилсиз жоо чыга турган болсо, арты өкүнүчтүү аяктарын кызматкерлер жеринде эскертип, түшүндүрүштү.

Өрт коопсуздук эрежелерин так сактабай мээнет менен таап жаткан материалдык баалуулуктары, эң ириде адам өмүрүн тобокелдикке салып жаткан бул көрүнүштү тез аранын ичинде жоюу зарылчылыгын базардагы сатуучуларга жана администрациясына сунушташты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>