Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Кыргызстандын курамасы ФИФАнын рейтингинде 97-орунда калды
20.07.2023 | 16:33
Кыргызстандын футбол курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 97-орунду ээлеп, мурдагы ордун сактап калды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.
Рейтингге жалпы 208 курама команда кирген. Анын сап башында Аргентина, Франция, Бразилия турат.
Белгилүү болгондой, Кыргызстан келерки жылы Катарда өтө турган Азия кубогунда ойнойт. Аталган мелдеште Кыргызстан Сауд Арабия, Оман жана Таиланд менен “F” тайпасына жайгашкан. Бул тайпада “ак шумкарлар” рейтингге ылайык, үчүнчү күчтүү команда болуп саналат:
- Сауд Арабиясы – 54-орун
- Оман – 73-орун
- Кыргызстан 97-орун
- Таиланд – 113-орун
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом