Ош: «Чубак ажы Жалилов» атындагы мечит пайдаланууга берилди (фото)

Ош: «Чубак ажы Жалилов» атындагы мечит пайдаланууга берилди (фото)

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүндө бардык шарттары бар, заманбап мечиттин ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.

Маалыматка караганда, Орто Азияга аттын кашкасындай таанымал аалым, маркум Чубак ажы Жалиловдун аты ыйгарылган мечиттин ачылыш аземине Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, Өзгөн районундагы “Имам Бухари” ислам институтунун ректору Абдирахман кары Атабаев, демөөрчүлөр, имамдар жана айыл тургундары катышты.

Мечитке “Эмират” эл аралык кайрымдуулук коому демөөрчүлүк кылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чубак ажы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>