Ош мэриясы: Матраимовдор муниципиалдык жерди тосуп алганы аныкталды

Ош мэриясы: Матраимовдор муниципиалдык жерди тосуп алганы аныкталды

Ош шаарынын мэриясы Руслан Матраимов аттуу жаран муниципиалдык жерди мыйзамсыз ээлеп алганын аныктады. Бул тууралуу Ош мэринин маалымат катчысы Азамат Абсатаров “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Анын айтымында, “Азаттык” радиосунун кабарчысы Матраимовдун шаардагы «Келечек» балдар чыгармачылык борборуна бара турган жолду тосуп алганын айтып чыккан соң текшерүү жүргүзгөн.

[su_quote]Текшерүү жыйынтыгында Матраимов «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун имаратынын артындагы жер тилкесин уруксатсыз тосуп алганы аныкталган. Ал жер азыр бошотулган. Ошондой эле борборго барчу жол дагы уруксатсыз тосулган экен. Архитектура башкармалыгы тарабынан эскертүү берилди. Мындан соң үйдүн кожоюну тосуп алган жерин ачам деп убада берди. [/su_quote]

Буга чейин “Келечек” балдар борборунун башчысы «Азаттык» радиосуна Руслан Матраимовго караштуу турак үй борборунун эксперименттерди өткөрүү аянтчасына курулганын айткан. Андан сырткары балдар борбору менен эксперименталдык аянтча, борбордун ортосунан Ош шаардык билим берүү башкармалыгына өткөн жол да тосулган.

Руслан Матраимовдун бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 2-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө иниси үй салган үч жер участогун 1999-2000-жылдары 119 миң сомго сатып алганын айткан.

28-сентябрда Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөн учурунда олбурлуу жигиттер анын артынан келип уруп, колундагы техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Кулчумановдун арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган. Бул окуя боюнча кылмыш иштери учурда териштирилип жатат.

Булак: Азаттык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>