Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 4-май түнү саат 21:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-54-чакырым аралыктарын сел суулары каптап, кум-шагылга толгон.
5-май күнү жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында унаа жолу бир тараптуу ачылган. Бүгүн да тазалоо иштерин улантууга №956 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылды.
Кошумча маалымат берилет.