ЖККУ эксперттер үчүн Евразиялык аналитикалык платформаны түзүүдөМанас шаарында «Акылман» президенттик лицейи ачылдыСалык кызматы: Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдүКыргызстандык үч калыс Азия оюндарында калыстык катышатКыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры 85-сезонун ачатСанариптештирүү. ЖК документтерди кагаз түрүндө кайталап берүүдөн баш тартат
Ош: “Оомат” базарындагылар митингге чыгышты
23.09.2021 | 18:14
Кара-Суу шаарындагы “Оомат” базарынын сатуучулары контейнерлердин ижарасын мөөнөтүн узартуу үчүн баасын кескин кымбататтып жибергенине нааразы болушкан. Алардын 30га жакыны райондук администрациянын алдына чыгышкан.
Азаттыкка берген маалыматтарына караганда, базарга жаңы кожоюн келген. Ал 5 жылга ижара акысын узартуу үчүн 5 миң АКШ долларын сурап жатыптыр.
Нааразы тарапты Ош облусунун өкүлчүлүгү жолугуп, талаптарын угуптур. Ошондой эле соодагерлер күч органдарына кайрылып жатканы маалым болду.
Кара-Суудагы базар Борбор Азиядагы эң чоң соода аймактарынын бири. Кыргызстанда “Дордойдон” кийинки орунда турат. Аянты 24 гектар. Курамында 20дан ашык жеке менчик жана муниципалдык базарлар бар.
Бул митингди Т-Медиа түз эфирден көрсөткөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом