Ош прокуратурасы мыйзамсыз казуу жана жасалма токтомдор боюнча үч кылмыш ишин козгоду

22.07.2026 | 15:57
Прокуратура Оша возбудила три дела из-за незаконной добычи и поддельных постановлений — Новости Кыргызстана

Ош шаардык прокуратурасы жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын текшерип, бир нече мыйзам бузууларды аныктады.

Ош мэриясы тийиштүү ыйгарым укуктары жок туруп, кум-шагыл аралашмасын жана чополуу кыртышты казууга мыйзамсыз 33 күбөлүк берген. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын кызмат адамдары жасалма токтомдордун негизинде жеке жактарга жайыт жерлерин мыйзамсыз берип жиберишкен — андан мамлекетке келтирилген зыян 78 млн 600 миң сомду түздү. Мындан тышкары, Ош — Ноокат жолунун боюндагы бир катар ишканалар лицензияда көрсөтүлгөн аймактан тышкары жерлерде кум-шагыл казып, кыртыштын бузулушуна алып келишкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча үч кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.

Ош шаарынын мэрине жана Жаратылыш ресурстары министрлигине мыйзамсыз берилген күбөлүктөрдү жана жер тилкелерин жокко чыгаруу, бузулган жерлерди калыбына келтирүү жана тийиштүү лицензияларды кайтарып алуу талабы менен прокурордук чара көрүү актылары киргизилди. Учурда актылар кароо стадиясында турат.

Scroll to Top