Ош шаары ЕӨРБдөн 46 электробус сатып алууга насыя алат

Жогорку Кеңештин кароосуна Ош шаарындагы коомдук транспортту жаңылоо боюнча Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕӨРБ) каржылоосун караган макулдашуунун долбоору киргизилди. Бул тууралуу парламент жыйынында финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин долбоордун алкагында Ош шаары үчүн троллейбустарды сатып алуу пландалган. Бирок Бишкек шаарынан Ошко 75 троллейбус өткөрүлүп берилгенден кийин кошумча троллейбус сатып алуу зарылдыгы жоюлган. Ушуга байланыштуу Ош мэриясы насыялык макулдашууга өзгөртүү киргизип, троллейбустарды электробустарга алмаштырууну сунуштаган.
Акжолов белгилегендей, долбоордун алкагында болжол менен 46 электробус сатып алуу, муниципалдык автотранспорт ишканасынын депосун реконструкциялоо, жаңы троллейбус линиясын куруу жана учурдагы транспорттук инфраструктураны жаңылоо пландалууда.
Долбоордун жалпы наркы 23 млн еврону түзөт. Анын ичинен 14,974 млн евро насыя түрүндө, ал эми 8,026 млн евро грант катары берилет.
Насыя 15 жылдык мөөнөткө берилет, анын ичинде 3 жыл жеңилдетилген мезгил каралган. Пайыздык чени Euribor + 1% түзөт.
Мындан тышкары, парламенттин кароосуна 3,026 млн евро өлчөмүндөгү гранттык макулдашуу да киргизилди. Буга чейин, 2025-жылдын 8-июнунда Кыргызстан менен ЕӨРБ 14,74 млн евро өлчөмүндөгү насыялык жана 5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык макулдашууларга кол коюшкан. Ал учурда долбоордун экинчи траншы үчүн гранттык каражаттар жок болгондуктан тиешелүү макулдашууга кол коюлган эмес. Кийинчерээк банк кошумча гранттык каражаттарды таап, ушул себептен жаңы гранттык макулдашууга кол коюу сунушталууда.