Миграция министрлиги: 1-июлдан тарта Орусияга кирүүнүн жаңы эрежелери күчүнө кирет

02.06.2026 | 11:08
Москва шаарынын борбордук аянты

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта Орусияда КМШнын визасыз режимдеги мамлекеттеринин жарандары, анын ичинде кыргызстандыктар үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет. Бул тууралуу КРдин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Жаңы эрежелерге ылайык, Орусиянын аймагына кирүү үчүн төмөнкүлөрду аткаруу керек:

  • «RuID» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү;
  • паспорттук маалыматтарды, сапардын максатын, кирүү жана чыгуу күндөрүн, бара турган аймакты көрсөтүү;
  • жеке кабинетке сүрөттү, биометрикалык маалыматтарды жана үн жазуусун жүктөө;
  • кирүүгө арыз берип, чек ара көзөмөлүндө көрсөтүлүүчү QR-кодду алуу.

Кирүүгө арыз мамлекеттик чек арадан өтүүгө кеминде 72 саат калганда берилүүгө тийиш. Жакын тууганынын оор илдетке чалдыгуусу же каза болушу сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда арызды кирүүгө чейин 4 саат мурда тапшырууга жол берилет. Алынган QR-код 90 күн бою жарактуу болот.

Министрлик Орусияга кирүү пункттарында чет өлкөлүк жарандардын милдеттүү биометрикалык идентификациясынан (сүрөткө тартуу жана манжа издерин алуу) өтүү талабы күчүндө каларын кошумчалады.

Мындан тышкары, КМШга мүчө мамлекеттердин эл аралык жүк ташууларын жүзөгө ашырган айдоочулары үчүн Орусияда убактылуу болуу мөөнөтү бир календардык жыл ичинде 180 суткага чейин узартылды. Бул үчүн алар өлкөгө кирүүнүн жана жүрүүнүн максаттары жөнүндө белгиленген тартипте арыз бериши керек.

Scroll to Top