Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Таласта катуу шамалдан имараттардын чатырлары учуп, унаалар жабыркады
02.06.2026 | 11:40

Кечээ, 1-июнда, Талас облусунда болгон катуу шамалдан улам бир катар имараттар жана унаалар жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) облустук башкармалыгы билдирди.
Шамал Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн, медициналык лабораториянын жана бир дүкөндүн чатырларын учуруп кеткен. Ал эми Манас көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн чатыры кулап, жол жээгинде турган эки автоунааны басып калган.

Мындан тышкары Талас районунун Көк-Токой айылында эки турак жайдын чатыры, дарбазасы жана эшиктери жараксыз абалга келген. Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында маданият үйүнүн 18 чарчы метр чатыры жабыркаган.
Мекеме учурда окуя болгон жерлерде тиешелүү кызматтар тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар