Ош шаарына таштандыларды кайра иштетүүчү завод курулат

Ош шаарына таштандыларды кайра иштетүүчү завод курулат

Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу пландаштырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык,  23 -августта Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Түндүк Кипрдын экономика жана энергетика боюнча вице-премьер-министри Эрхан Арыклы жана «Biotrend Energy» компаниясынын президенти Илхан Доган баштаган түркиялык делегация менен жолукту.

Жолугушуунун алкагында Ош шаарында инветицияларды тартуу, эки тараптуу кызматташуу туурасында сөз болду.

Шаар башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов учурда көйгөйлүү маселелерди приоритеттүү багыт катары алып, чечүү жолдоруна инвесторлорду жана адистерди тартып жатканын билдирди.

Ал эми «Biotrend Energy» компаниясынын адистери Ош шаарында жайгашкан  таштанды полигонуна барып жеринен көрүп келишти. Бир айдын ичинде завод куруу долбоорунун келишими даярдалып, бир айдан алты ай аралыгында толук иштөө мүмкүнчүлүгү жаралат деп айтышты.

Жолугушуу «Ош шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводду долбоорлоо жана куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюу менен жыйынтыкталды.

Документке Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов жана «Biotrend Energy» түрк компаниясынын президенти Илхан Доган кол коюшту.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>