Түндүк РЭТинин курулушу башталды. Ал Бишкекти электр энергиясы менен камсыздайт

Түндүк РЭТинин курулушу башталды. Ал Бишкекти электр энергиясы менен камсыздайт

Бишкек шаарында «Түндүк райондук электр түйүнүн» пайдубалын түптөө аземи болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен энергетиктер, тармактын ардагерлери катышты.

Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев курулушу иши башталган РЭТтин Бишкек үчүн маанилүү экенин белгиледи.

«Бишкек шаарынын калкы жылдан-жылга өсүүдө. Бул электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны өсүп жатат дегенди билдирет. Ошондуктан «Түндүк РЭТтин» курулушу Бишкек шаары үчүн өтө маанилүү. Бул РЭТтин курулушу энергетиктердин ишин бир топ жеңилдетип, калкка кызмат кылат деп ишенем», — деп белгиледи Чолпонбек Абыкеев.

Ал эми энергетики жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев «Түндүк РЭТ» ишке кирсе абоненттерди ыкчам тейлөө, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуунун көрсөткүчү жогорулай турганын билдирди.

«Биздин милдет -ар бир үйгө жарык жана жылуулук тартуулоо. 2001-жылы түзүлгөн «Северэлектро» ишканасынын буга чейин  керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздаган Чыгыш жана Батыш РЭТтери болсо,  бүгүн үчүнчү Түндүк РЭТинин  курулушуна капсула салып жатабыз. Бул компаниянын эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы чоң долбоору. Биз мындан ары да кыргызстандыктар үчүн өз кызматыбызды  кыла беребиз. Энергетика тармагында жаңылануу киргизе беребиз», — деди Доскул Бекмурзаев.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев болсо Бишкек шаарынын калкын электр энергиясы менен камсыз кылган энергетиктерге ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, «Түндүк РЭТ» Ак-Босого конушунда жайгашкан. Бул объект шаардын түндүк бөлүгү үчүн тейлеп, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатат. Аталган РЭТ Абдрахманов -Элебесов көчөлөрү менен чектелген шаардын аймагын — Жибек -Жолу проспектиси — Профсоюзная-Түндүк айланма жолундагы, ошондой эле Достук, Аска-Таш, Көлмө, Жеңиш, Ак-Босого, Ак-Тилек, Красный строитель, Келечек, Мурас-Ордо, Ак-Бата, Калыс-Ордо, Дордой II I, Энесай, Майевка конуштарындагы абоненттерди тейлейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>