Ош шаарында жаңы мектептин курулушу башталды

Ош шаарында №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясы үчүн кошумча окуу корпусунун курулушуна капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы имарат 200 окуучуга ылайыкталып, мектептеги орун жетишсиздигин азайтууга багытталган. Курулуп жаткан окуу корпусунда окуучулар үчүн бардык заманбап шарттар түзүлөт.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышты.
Мэрдин айтымында, учурда шаарда жалпысынан 17 мектептин курулушу башталган.
“Ош шаарында бир убакта 17 мектептин курулушунун жүрүп жатышы — бул тарыхый учур. Биз шаардыктар үчүн заманбап мектептерди, бала бакчаларды, спорт жана социалдык объекттерди куруп, келечек муун үчүн бекем пайдубал түптөп жатабыз”, — деди ал.
Ошондой эле быйыл шаарда 12 социалдык объект пайдаланууга берилери маалымдалды. Алардын катарына бала бакчалар, спорт залдар, жаштар борборлору жана башка социалдык мекемелер кирет.