АКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жеттиБаалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өттүПрокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин компаниянын салык карызы эсептен чыгарылдыКыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйт
Ош-Стамбул авиакаттам ачылат
03.09.2021 | 12:58
Эми Оштон Түркиянын Стамбул шаарына түз каттам менен жетүүгө болот. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Стамбул-Ош-Стамбул” маршруту боюнча жаңы туруктуу каттам 2021-жылдын 1-октябрынан тартып ишке кирет.
Жүргүнчүлөрдү ташууну Pegasus авиакомпаниясы жумасына үч ирет – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзөт.
Учуу убактысы 5 саат 30 мүнөттү түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика