Көчмөндөр оюндары: Кырчын жайлоосунда кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт«Аймактын бермети», «акылман эл»: ШКУ лидерлери Кыргызстан тууралууУКМК Ысык-Көлдөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө көзөмөлдү күчөттүЭсептөө палатасы Кыргызстандын 2025-жылга бюджетин аткаруудагы кемчиликтерди аныктадыЖер казынасын пайдалануу лицензиялары онлайн форматка өттү: Министрлик электрондук аукциондорду ишке киргиздиБишкектеги жаңы светофорлор: айдоочулар эмнени билиши керек
Бишкек: вице-мэр Азамат Сагындык уулу кызматтан кетти
03.09.2021 | 13:20
Бул туурасында шаардык жетекчиликтен билдиришти. Алардын тараткан маалыматтарына караганда, тиешелүү буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койгон.
Азамат Сагындык уулу жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура жааты боюнча жоопту болгон.
Ал буга чейин УКМК тарабынан алдамчылык иштерине шектелип кармалган. Түгөлбай Ата көчөсүн асфалттоо маалында комерциялык жер тилкесин ордуна калтыруу үчүн кафе ээсинен 9 миң АКШ долларын алганы туурасында маалымат тараган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат