ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу операцияларын жасалат

ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу операцияларын жасалат

 ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУга болгон сапары учурунда айтты.

Ал Түркиянын Инөнү (İnönü) университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жүргүзүлөт.

“ОшМУнун клиникасындагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен тааныштым. Клиникада бардык шарттар жеткиликтүү, болгону айрым техникалык аппараттарга буюртма берилиптир, май айында келери күтүлүп жатат. Андан кийин операциясы жасалып баштайт”, — деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев университеттин 7 кабаттуу медициналык клиникасынын курулуш иши менен таанышты.  Ак-Буура кампусундагы медицина факультеттерин, “Ден соолук” кербени, окуу-илимий лабораториялык комплекстерин, виртуалдык клиникаларды көрүп чыкты.

Министр университеттин медициналык клиникасында болуп, биохимиялык, клиникалык жана цитологиялык лабораториясы, санариптик флюорография кабинети, ультра диагностикалык изилдөө кабинети, жандандыруу жана операциялык бокс жана кардиохирургия бөлүмдөрүндөгү бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош шаары

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>