ИИМ: Бишкекте 3 адам караңгыда чөптөрдүн арасынан баңгизат издеп жатып кармалды

ИИМ: Бишкекте 3 адам караңгыда чөптөрдүн арасынан баңгизат издеп жатып кармалды

Бишкекте үч жаран көчөдө чөптөрдүн арасына катылган баңгизатты издеп жатканда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Шектүүлөр 12-апрелде болжол менен саат 21:40та кармалган. Бишкектеги ишканалардын бирин кайтарып жаткан ИИМдин күзөт кызматкери имараттын айланасында кайгуул жүргүзүп жатып, бактардын жанында 3 адам чөптөрдүн арасынан бир нерсе издеп жатканын көрүп калган. Күзөт кызматкери шеригин чакырып, аталган үч жарандын жанына барышкан.

Күзөт кызматкерлери алардын өздүгүн жана эмне издеп жаткандыгын тактоо үчүн үч жаранды кармап, чөптөрдүн арасын жакшылап караганда, кызыл түстөгү скотчтолгон белгисиз зат жатканын көрүшкөн. Ошол замат «102» кызматына кабар берип, ыкчам-тергөө тобун чакырган.

Шектүү катары кармалгандар 38 жаштагы Ш.М., 39 жаштагы И.А. жана 34 жаштагы Т.Б. аттуу жарандар болуп чыккан.

Кармалган жарандар менен баңгизатка окшош зат Октябрь райондук милициясынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>