Ошто 2 кг баңгизат сатууга аракет кылган жаран кармалды — сүрөт

Ошто 2 кг баңгизат сатууга аракет кылган жаран кармалды — сүрөт

Ош облусунда 2 килограммдан ашык баңгизатын сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүрүшүнүдө, жалпы салмагы 2 килограммдан ашык баңгизатын сатууга аракет кылып жаткан учурда 1961-жылы туулган Ж.С.А. аттуу Ош облусунун тургуну кармалды.

Кармалган Ж.С.А. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: баңгизат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>