Ошто 38 жаштагы эркек аялын жоолук менен муунтуп өлтүрдү

Ошто 38 жаштагы эркек аялын жоолук менен муунтуп өлтүрдү

Ош облусунун Кара-Суу районунда аялын өлтүрүүгө шектүүгө карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында Ош облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-январь күнү саат 21:57 чамасында Кара-Суу райондук милициянын нөөмөт бөлүгүнө Ош облустук жол коопсуздук кызматкери тарабынан телефон аркылуу Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында, тактап айтканда Бишкек-Ош унаа жолунун 663-чакырымында «Т» бурулуш участкасына жакын жайгашкан талаада М.А өзүнүн аялы 30 жаштагы Г. Тны өлтүрүп койгондугун кабарлаган.

Аталган маалымат Кара-Суу райондук милициянын маалыматтардын электрондук журналына катталып, жергиликтүү милиция окуя болгон жерге барган. Окуя болгон жакта, жолдо чыгыштан-батыш тарапты карай токтоп турган, “Хундай-Санато” үлгүсүндөгү унаанын арткы олтургучунда чалкасынан жаткан абалда 1991-жылы туулган Г. Тнын сөөгү табылган.
Каза болгон жарандын жансыз денесине сырттан кароо учурунда, анын мойнунда жоолугу оролуп, моюнунда кызгылт түстөгү тактар бар экендиги аныкталган. Т.Газиеванын денесинен алган жаракаттарынын оордук даражасын жана өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул кылмышка шектүү катары маркумдун өмүрлүк жолдошу 38 жаштагы М.А кармалган.

Алдын ала тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө, кылмышка шектүү аталган автоунаанын айдоочусу 38 жаштагы М. А. өзүнүн көрсөтмөсүндө, каза болгон Г.Т анын экинчи жубайы экендигин, 3-январь күнү пикир келишпестиктин айынан сөз талашып урушкандыгын, 4-январь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында үйүнө келип, аялы Г.Тны алып, өзүнүн унаасы менен Өзгөн шаарына барып, ал жактан кайрадан Ош шаарына карай келе жатып, Фуркат айылына келген учурда экөө сөз талашып урушуп кетишкен. “Т” бурулушунан талаа тарапка карай айдап, токтогон учурда, аялы унаадан түшүп, ага карай жерден алган кыш (кирпич) менен урган учурда, аны колу менен бет тарабына 1-2 жолу уруп, алыша кетип жерге жыгылган учурда, анын оозун колу менен жаап, жолугу менен муунтуп, аялы кыймылдабай калган учурда унаанын арткы орундугуна олтургузуп, окуя болгон жерден жылып жаткан учурда милиция кызматкерлери келгендигин билдирген.

Бул факты боюнча адам өлтүрүү боюнча кылмыш иш козголуп, 5-январь күнү М.А. Кара-Суу райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.

Ош: Күйөөсү аялын өлтүрүп алды (ВИДЕО)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>