Ошто 60 диний мекеме жабылды

Ошто 60 диний мекеме жабылды

Ош облусунда 39 мечит жана 21 диний билим берүүчү мекеме жабылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 20-июлдан тарта улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, ИИМдин, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, ӨКМдин, Саламаттык сактоо министрлигинин, президенттин региондогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жана КМДБнын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык топ «диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын» ишке ашыруу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында Ош облусунун аймагындагы диний объекттердин ишмердүүлүгүн текшерди.

Текшерүүнүн максаты диний экстремизм идеологиясынын жана салттуу эмес агымдардын жайылышына каршы туруу, ошондой эле облустагы диний кырдаалды жакшыртуу болуп саналат.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун өкүлдөрү белгилегендей, кырдаалга терс таасирин тийгизген жана динге ишенгендер арасында радикалдык-экстремисттик идеологиянын жайылышына өбөлгө түзгөн негизги факторлор:

— белгиленген архитектуралык-курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана калктын реалдуу керектөөлөрүн эске албастан диний объекттердин башаламан курулушу;

— диний окуу жайларда билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарынын жоктугу, жеке жана расмий эмес диний түзүмдөрдө («худжралар», «таалимдер», «дарстар» ж.б.) процесстин көзөмөлдөнбөөсү болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мечит Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>