Ошто мас болуп унаа айдаган тергөөчүнүн видеосу

Ошто мас болуп унаа айдаган тергөөчүнүн видеосу

Ош шаарында милиция кызматкери мас абалында унаа башкарганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ош шаарынын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милициянын тергөө кызматынын М.А. аттуу улук тергөөчүсү Б. Осмонов көчөсүндө мас абалында унаа башкарып бара жатканда токтотулган.

«Унааны ичимдик ичип алып башкарганы аныкталган. Бузуулар тууралуу кодексинин 193-беренеси боюнча протокол түзүлгөн», — деп билдиришти кайгуул кызматынан.

Ошондой эле, Reporter.kg’ге шаардык милициядан билдиришкендей, тергөөчүнүн мас абалында унаа башкарганы боюнча Ички иликтөө кызматы териштирүү иштерин жүргүзө баштады. Анын жыйынтыгы менен тергөөчүнүн иш-аракетине юридикалык баа берилет.

Бузуулар тууралуу кодексинин 193-беренеси: «Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү».

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>