Непалдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 469 адамга жетти«100 ишкана түзөбүз»: Темир Сариев Кытай менен өнөр жай бирлигин курууга чакырдыБишкекте «Нелегал» рейддеринин жүрүшүндө 200дөн ашык чет элдик жаран аныкталдыЗаводдор, ГЭСтер жана экспорт: Кыргызстан кытайлык инвесторлорду кайсы тармактарга чакыруудаКөчмөндөр оюндары учурунда ден соолукту кантип сактоо керек — медиктердин сунуштамаларыЫсык-Көлдө «Ден-Соолук» борборунун жаңы корпусунун курулушу башталды
Ошто аскер бөлүктүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду
20.02.2023 | 09:51
Ош облусунда Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктүн биринин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын контрчалгындоо Башкы башкармалыгы менен биргеликте аскердик мүлктүн максаттуу пайдаланышына карата текшерүү жүргүзүлгөн.
“Текшерүүнүн жүрүшүндө аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдары жалпы суммасы 2 млн 298 миң 708 сомдук ар кандай материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз коротууга жол беришкендиги аныкталды”, – деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенилип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз