Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Кытай кыргыз ишкерлерин Хоргоско чакырат
05.02.2024 | 13:05
Кытай кыргыз ишкерлерин казак-кытай чек арасындагы Хоргос соода борборуна чакырат. Бул тууралуу соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары Кытай стандарттары боюнча товарлардын сапатын аныктай турган биргелешкен лаборатория куруу маселелерин талкуулады.
“Кытай тарап Хоргостогу Иран, Өзбекстан жана Казакстандын продукциялары көрсөтүлө турган коммерциялык борбордун курулушу аяктаганын билдирди. Алар биздин ишкерлерди бул аянтчага активдүү катышууга жана өз продукцияларын жайылтууга чакырды. Биз жакынкы арада Хоргоско бизнес-тур уюштуруп, эки өлкөнүн аймагында кыргыз-кытай көргөзмөсүн өткөрүүнү көздөп жатабыз”, – дейт Темир Сариев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом