Ошто азык-түлүк дүкөнүндө психотроптук дарылар сатылып жаткан

Ошто азык-түлүк дүкөнүндө психотроптук дарылар сатылып жаткан

Ош шаарында азык-түлүк дүкөнүндө психотроптук дары-дармектерди саткан жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Курманжан Датка көчөсүндөгү азык-түлүк дүкөндөрдүн биринде ээн-эркин сатууга тыюу салынган (адамдын аң-сезимине таасир этүүчү) дарылардын 2 түрү сатылып жатканы аныкталган. Ал дарыларды сатып жаткан дүкөнчүнүн атайын билими жок болгон. Сатуучу милицияга билдиргендей, дүкөн ээси (32 жаштагы Б.Б. кызы) дарыларды сатып келип, бааларын коюп, аларды сатуу керектигин айткан.

«Аталган факт боюнча сатуучудан жана дүкөн ээсинен тиешелүү түшүнүк каттар алынып, дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин кызматкерлери тарабынан акт түзүлдү. Учурда териштирүү иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>