«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Ошто баңгизат сатуу менен алектенүүгө шектелген топ кармалды
14.05.2026 | 17:11

УКМК Ош облусунун аймагында баңги каражатын жана башка күчтүү таасир этүүчү заттарды сатуу менен алектенген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, 12-майда Ош шаарында баңги каражаттарын сатып жаткан учурда 62 жаштагы К.М.М. жана 33 жаштагы К.Б.М. аттуу жарандар кармалган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар