Ошто башка бирөөнүн унаасын сатып жиберген жаран кармалды

Ошто башка бирөөнүн унаасын сатып жиберген жаран кармалды

Ош облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИмдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин ички иштер органдарына Кара-Суу районунун жашоочусу унаа сатууга байланышкан алдамчылык аракеттер боюнча мыйзам чегинде чара көрүү үчүн арыз менен кайрылган.

2020-жылдын жаз айларында бейтааныш жаран жабырлануучунун ишенимине кирип, баасы 10500 АКШ доллары турган унаасын ээлеп алган. Жабырлануучуга ири суммадагы материалдык чыгым келтирилген.

Кийин аныкталгандай, унааны ал башка жаранга сатып жиберген. Бул факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзө башташкан. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында

Ош шаарынын аймагынан 1980-жылы туулган А.Ч. кармалып, тергөө органдарына жеткирилген.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган жаран мурда 9 жолу соттолгон. Алдамчылык жөнүндө кылмыш ишин иликтөөнү Ош ШИИБдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>