Ошто батирлерди тоногон жигит кармалды

Ошто батирлерди тоногон жигит кармалды

Ош шаарында бир нече жолу уурулук кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  милицияга 14-июнь күнү Ош шаарынын 1995-жылы туулган Б. уулу З. аттуу  тургуну арыз менен кайрылган. Арызда ушул жылдын 14-июнь күнү ал жашаган батирге белгисиз адамдар кирип, 77 миң сом акчасын уурдап кетишкендигин билдирген. Арыз кылмыштардын  бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.

Ушул эле фактыга окшош дагы беш жаран арыз менен кайрылган. Алар үйүнүн ичине белгисиз адамдар эшик, терезелерин бузуп кирип, ноутбук, планшет, велосипед, телефон, баалуу буюмдар жана алтын буюмдарын  уурдап кетишкенин билдиришкен.

Аталган факт Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө 205-берененин белгилери менен катталып,  иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштерин натыйжасында  Жалал-Абад облусунун 2003-жылы туулган У.Э аттуу тургуну шектүү катары  кармалды.

Шектүү Ош ШИИБдин  убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ош шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, бир айга камак түрү тандалып алынды.

Учурда шектүүнүн  башка жасаган кылмыш иштерин жана кылмыштуу шериктерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: уурулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>