Куткаруучулар Ош шаарынын Алай көчөсүндө жайгашкан үйдүн 41-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1969-ж.т. А.М. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.