Ошто эки айылдашын алдап кеткен кримчөйрөдөгү адам кармалды

Ошто эки айылдашын алдап кеткен кримчөйрөдөгү адам кармалды

Ош облусунда эки айылдашынан акча алып, алдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 2022-жылы Кара-Суу районунун тургунуна (аял киши) чала тааныш адам «жер тилкесин берем» деп, андан 250 миң сомду алдап алган. Андан соң ал убадасын аткарбай, жерди же акчасын кайтарып берген эмес. Бул боюнча акчасын ала албай жаткан аял милицияга кайрылган.

Ошондой эле милицияга дагы бир аял киши кайрылып, аталган жаран андан жер тилкеси үчүн 180 миң сом акча алып, алдап кеткенин билдирген.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иштери козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Кара-Суу районунун 40 жаштагы М.К. аттуу тургуну Бишкектен кармалган.

«Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык чөйрөдө статуска ээ», — деп билдирет ИИМ.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>