Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Тажик президенттинин уулу Рустам Рахмон Жогорку Кеңештин 85-жылдыгына катышты
16.11.2023 | 17:39
Тажикстандын парламенттинин төрагасы Рустам Рахмон бүгүн Бишкекке келди. Аны аэропорттон Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева тосуп алды.
Ал КМШ өлкөлөрүнүн мыйзам чыгаруу органдарынын жетекчилери менен бирге кыргыз парламентинин 85-жылдык мааракесине катышты.
Белгилей кетсек, 16-17-ноябрда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессия өтүүдө. Ага катышуу үчүн Россия, Азербайжан, Беларусь, Армения, Өзбекстандын спикерлери келишти.
Рустам Рахмон 35 жашта. Ал 2020-жылы тажик парламентине төрага болуп дайындалган. 2017-жылдан бери Душанбе шаарынын мэри болуп дагы эсептелет. Ал атасынын мураскери катары саналып, өлкөнүн саясый чөйрөсүндө маанилүү фигура.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом