Ошто эки баңги сатуучу кармалды

Ошто эки баңги сатуучу кармалды

Ош шаарында баңгизаттарды саткан эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-август күнү Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине “М” аттуу атуул ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууга, сактоого тиешеси бардыгы жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн.

Маалыматка караганда, Ош шаарындагы мейманканаларынын биринин алдында 1982-жылы туулган Бишкек шаарынын С.М. аттуу тургуну жана 1979-жылы туулган Өзбекстандын А.Н. аттуу жараны кармалып, аларга өздүк тинтүү жүргүзүү учуруда кара пакеттин ичинен афган өндүрүшүндөгү «гашиш» (чарс) баңгизаты табылып алынган.

Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат афган өндүрүшүндөгү 1 кг 36 гр салмактагы “гашиш” баңгизат каражаты экендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 2-бөлүгүндөгү – Өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат каражатын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: баңгизат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>