Наристе даараткананын чуңкуруна кулап каза болдуТүркияда деңиз жээгинен кыргызстандык жарандын сөөгү табылдыБишкектеги №24 мектепте миллион сомдук акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголдуИран менен АКШнын ортосундагы 14 пункттан турган меморандумдун долбоору жарыяланды — толук маалыматСауна, мончо жана тамактануучу жайлар үчүн салык ставкасы төмөндөтүлөтУнаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысы бир айга арзандады
Оштогу эки маданий мекемеге жаңы директор дайындалды. Алар кимдер?
10.08.2022 | 15:52
Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын директору болуп Калыкулов Керимбек Акматалиевич дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эмгек жамаатка Керимбек Калыкуловду министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.
Ошондой эле, аталган министрликтин буйругуна ылайык, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп Каримов Нурлан Тентимишевич дайындалды.

Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды. Буйурукка ылайык, Нурлан Каримов кызматтык милдетине бүгүн 10- августтан тартып аткара баштайт.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом