ЖКнын комитети мамлекеттик кызматтар боюнча мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин комитети мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алды. Документ мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын түп-тамырынан бери реформалоону көздөйт.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору мамлекеттик кызмат системасын бюрократиядан арылтуу боюнча президенттин жарлыгынын алкагында иштелип чыгып, эски административдик моделден заманбап, санариптик жана адамга багытталган мамлекетти түзүүгө багытталган. Анын негизги максаты — мамлекеттик кызматтарды алуу процессин мүмкүн болушунча жөнөкөй, ыкчам жана жеткиликтүү кылуу. Бул үчүн ашыкча жол-жоболордон баш тартуу, кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү кыскартуу жана кызматтарды санариптик форматка өткөрүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорундагы негизги жаңылыктардын бири — кызматтарды электрондук форматта көрсөтүүгө артыкчылык берүү. Ошол эле учурда санариптик технологияларга жетки мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн альтернативдүү кызмат алуу жолдору сакталат.
Арызсыз көрсөтүлө турган кызматтар
Мыйзам долбоору кызматтарды жарандардын кайрылуусуз эле проактивдүү негизде көрсөтүү механизмин киргизет.
Мисалы, бала төрөлгөндө система автоматтык түрдө иштей баштайт:
- төрөт үйү электрондук билдирүү жөнөтөт;
- маалыматтар ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына өткөрүлөт;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк таризделет;
- балага автоматтык түрдө ЖИН ыйгарылат;
- жөлөк пулдарды, анын ичинде «Балага сүйүнчү» төлөмүн дайындоо процесси башталат;
- ата-энелер даяр болгон документтер жана төлөмдөр тууралуу билдирүү алышат.
Мындайча айтканда, мамлекет кызмат көрсөтүү процессин өзү баштап, жарандарды маалымкат чогултуу жана арыз берүү зарылдыгынан бошотот.
Так эрежелер жана бирдиктүү реестр
Документ төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү сунуштайт:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын так түшүнүгүн аныктоо;
- акы төлөнүүчү кызматтардын негизсиз көбөйүшүнө бөгөт коюу;
- кызматтардын бекитилген тизмесин камтыган Бирдиктүү реестр түзүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аймактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кошумча кызматтарды бекитүүгө мүмкүнчүлүк берүү.
Акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтар
Мыйзам долбоору төмөнкүлөрдү өз-өзүнчө бөлүп карайт:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды;
- жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды.
Мында маанилүү принцип бекемделет: эгер кызмат мыйзам боюнча акысыз көрсөтүлүүгө тийиш болсо, ал үчүн акы алууга жол берилбейт.
Ошондой эле социалдык адилеттүүлүк маселесине өзгөчө көңүл бурулган. Калктын аялуу катмарлары үчүн — пенсионерлерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө, майыптыгы бар адамдарга жана башка социалдык жактан коргоого муктаж жарандарга жеңилдиктер же төлөмдөн толук бошотуу каралган.
Санариптештирүү жана ачык-айкындуулук
Реформа санариптик технологияларды кеңири киргизүүнү жана мамлекеттик органдардын өз ара маалымат алмашуусун күчөтүүнү карайт. Бул кызмат көрсөтүү мөөнөттөрүн кыскартууга, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, айрым кызматтарды аутсорсинг аркылуу жеке сектордун катышуусу менен көрсөтүүгө да мүмкүнчүлүк берилет.
Мыйзам кабыл алынган учурда мамлекеттик кызматтардын Бирдиктүү реестрин жаңылоо, ошондой эле Министрлер Кабинети жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бир катар ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу талап кылынат.
Ошол эле учурда мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулар башка мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жана масштабдуу уюштуруучулук реформаларды жүргүзүү зарылдыгы жаралбай турганын белгилешүүдө.