Санитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыБир дарак кыйылса — ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты«Тоолордон бийик — бир гана элес»: Бишкекте алгачкы альпинизм музейи ачылдыБишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулаштыКыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилдиТүштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи
Ошто эки майнинг ферма мыйзамсыз иштеп, ГЭСтерден чыккан электр энергияны пайдаланып келген
20.05.2024 | 10:45
Ош облусунун аймагында мыйзамсыз иштеген эки майнинг ишкана (криптовалюта өндүрүү) аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган майнинг фермалар Кара-Суу менен Ноокаттын аймагынан табылган. Алар расмий каттоого турбай, милдеттүү сертификат албастан, мамлекетке каттоо үчүн жана башка төлөм-жыйымдарды төлөбөстөн ГЭСтерден чыккан электр энергияны пайдаланып иштеп келген. Эми майнинг фермалар колдонуп келген электр энергия калкка берилери кабарланды.
Ошондой эле майнинг ферманын ишин уюштуруу үчүн колдонулган 900дөн ашык жабдык алынган.
Учурда бул ишке катышы бар бардык адамдарды, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо иштери жүрүүдө.
