Ошто иске ууланып үч наристе чарчап калды

Ошто иске ууланып үч наристе чарчап калды

Өзгөндө иске ууланып үч наристе ууланып чарчап калды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-февраль күнү Өзгөн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө иске ууланган келин балдары менен айылдык ооруканага түшкөндүгү тууралуу кабар түшкөн.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө маалым болгондой, 26 жаштагы К. кызы. Б., аттуу келин жана анын 4, 3, 1 жаштагы кыздары өздөрү жашаган үйүндө көмүрдүн исине ууланышкан.

Келин айылдык ооруканага жеткирилип, кыздары чарчап калган. Окуя боюнча күбөлөр суралган. Чарчап калган жаш балдардын жакын туугандары арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Андыктан, жогорудагы окуя боюнча кылмыштын курамы аныкталбагандыктан кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пункттун (жосунда кылмыш курамы болбогондо) негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>