Жапаров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Вигери менен кездешти

Жапаров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Вигери менен кездешти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен кездешти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин башчысы Лесли Вигерини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, кыргыз тараптын кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырастады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «жашыл» экономика, климаттык күн тартиби, маалымат технологиялары жана креативдүү экономика жаатындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл буруп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады.

Тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү мүмкүнчүлүктөрдү белгилеп, бул багыттагы иштерди активдештирүүнү жакташты.

Өз кезегинде АКШ элчиси эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө багытталган күч-аракеттерди жумшоого даяр экендигин билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: АКШ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>