Ошто кышка камылга башталды

Ошто кышка камылга башталды

Оштогу «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кыш мезгилине камылга көрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Жылуулук камсыздоонун» жетекчиси Бекмурза Эргешовдун тапшырмасы менен 88 отказандын баарында оңдоп-түзөө иштери жүрүп, кошумча ремонттоо иштери аткарылууда.

Ошондой эле эскилиги жеткен түтүктөр толугу менен жаңыланып, ороп чулгоо иштери да аткарылып жатат: жылуулук көп кабаттуу үйлөргө нормадагыдай барышы үчүн адистер атайын чет өлкөдөн алынып келинген изоляциялык материалдарды пайдаланып, жылуулук түтүктөрүн ороп жатышат. Бул ыкма жылуулукту нормасын сактап, тургундардын кыштан үшүбөй чыгыуусуна кам көрмөкчү.

«Кыш мезгилине камылга көрүү иштери быйылкы жылы масштабдуу деңгээлде жүрүп жатат. Кызматкерлер ар бир жылуулук түтүктөрүн карап, көйгөй жаралган жайларда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, пландын негизинде иш аткарылып жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>