Бекер окуйт! Такыр окубаган 9 жашар бала менчик мектепке чакырылды

Бекер окуйт! Такыр окубаган 9 жашар бала менчик мектепке чакырылды

Бишкекте мектепке такыр барбаган 9 жаштагы бала жеке мектепке чакырылды. Бул тууралуу “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.

Анын айтымында, “Приоритет” жеке мектебинин директору жана негиздөөчүсү Юлия Жаналиева балага жардам берүүнү чечкен.

Бала менен жолуккан жеке менчик мектептин директору Жаналиева: «Бүгүн баланы бизге алып келишти. Аны менен мугалимдерибиз, психологдорубуз сүйлөшүп, тесттен ийгиликтүү өттү. Көрсө, ал абдан акылдуу экен, билимге кызыгып, эңсеп жүрүптүр. Биз анын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, окууга чакырдык. Ал бекер окуйт, мектеп аны форма, канцелярдык товарлар менен камсыздайт. Бала күнүнө үч маал тамактанат жана мектепте болгон бардык секцияларга, ийримдерге катышууга мүмкүнчүлүк алат. Ийгиликке жетет деп ишенебиз», — деди.

Буга чейин Фучик көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган 9 жаштагы бала бир да жолу мектепке барган эместигин Назгүл Турдубекова билдирген болчу. Апасы аны үч айлык кезинде агасына таштап кеткен. Аны таякеси жакшы караган, бирок документи жок, үй-бүлөнүн материалдык абалынан улам мектепке орноштурулган эмес. Кийинчерээк мэрия 9 жаштагы баланын документтерин бүтүрүүгө көмөк көрсөтөрүн маалымдаган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>