Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Ошто миграциялык мыйзамдарды бузган 36 чет элдик жаранга айып пул салынды
26.03.2022 | 10:25
Ош облусунда миграциялык мыйзамдарды бузган 36 чет элдик жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 23-24-март күндөрү Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан «Нелегал» аталышындагы профилактикалык-рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 36 чет элдик жаранга миграциялык мыйзамдарды жана жүрүү эрежелерин ар кандай бузуулар, ошондой эле чет элдик жумушчу күчүн мыйзамсыз тартуу фактылары боюнча административдик протоколдор түзүлдү.
Жыйынтыгында 36 чет элдик жаранга 190 миң сом айып салынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом