Профилге чейинки даярдоо: 8-класстар үчүн «Гуманитардык навигатор» программасы киргизилет

2026–2027-окуу жылынан баштап мектептердин 8-класстарына профилге чейинки даярдоонун алкагында «Гуманитардык навигатор: тексттен мааниге» программасы киргизилет. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Программа 68 окуу саатына эсептелген. Окуу планына тил, тарых, адабият жана медиа тармактары киргизилген. Окуучулар тексттерди талдоо, маалыматтарды иштеп чыгуу, тарыхый окуяларды жана коомдук процесстерди изилдөө багыттары боюнча билим алышат.
Окутуу эссе жазуу, аналитикалык материалдарды даярдоо, дебаттарга катышуу жана медиадолбоорлорду түзүү аркылуу жүргүзүлөт. Программада медиасабаттуулукка жана маалыматтарды талдоого басым жасалат. Окуучуларга тарыхчы, журналист, редактор жана оратор сыяктуу кесиптердин өзгөчөлүктөрү тааныштырылат.
Тиешелүү программа жана методикалык сунуштар Кыргыз билим берүү академиясынын расмий сайтында (www.kao.kg) жайгаштырылды.