Ошто Нооруз өзгөчө шаң менен белгиленүүдө — сүрөт

Ошто Нооруз өзгөчө шаң менен белгиленүүдө — сүрөт

Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип жатат. Иш-чаралар эртең менен сүмөлөк жасоо фестивалы менен башталып, андан соң борбордук аянтта «Нооруз — 2023» деп аталган салтанат тартууланды.

Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, мэр Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, калаа тургундары жана коноктор катышты.

Бакыт Төрөбаев майрамга келгендерди Нооруз менен куттуктап, жалпы журтка токчулук, тынчтык каалады.

Иш-чара чоң концерттик программа менен коштолуп, театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды.

Ошондой эле, аянтта кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп, спорттук мелдештер уюштурулду.

Белгилей кетсек, маданий иш-чара кечки саат 19:00дө Алымбек Датка эс алуу багында улантылат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>