Токмоктогу алты айлык наристенин өлүмүнүн чоо-жайы

Токмоктогу алты айлык наристенин өлүмүнүн чоо-жайы

Токмок шаарында өрттүн кесепетинен алты айлык ымыркай каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-апрелде Токмок шаардык милициясына Овчаров көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган даректе жашаган 48 жаштагы У.А. аттуу аял бөлмөдө жайгашкан мешке от жагып, жанындагы тапчанга 6 айлык небересин жаткырып, короого чыгып үй жумушу менен алектенген.

«Бөлмөдөн өрт чыгып, ичиндеги бөбөк өрттүн кесепетинен чарчап калган. Ымыркайдын сөөгүн жардамга келген бейтааныш жаран алып чыккан. Өрт шаардык өрткө каршы кызматы тарабынан өчүрүлгөн», — деп белгилешти милициядан.

Аталган факты Токмок шаардык милициясына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>