Ошто бөтөлкөлөштөрдүн чыры өлүм менен аяктады. Чоо-жайы

Ошто бөтөлкөлөштөрдүн чыры өлүм менен аяктады. Чоо-жайы

Ош шаарында адам өлтүрүү фактысы изи сууй электе ачылды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык  «Тез жардам» кызматы тарабынан 12-август күнү саат 23:30 чамасында шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө оор абалда Ош шаарынын тургуну 1964-жылы туулган  И.К. оор абалда жеткирилип, жаратынын оордугуна байланыштуу ооруканада каза болгон. Маркумду кароо учурунда анын сол көкүрөгүндө миздүү буюмдан алган жараты болуп, кан көп кеткендиги аныкталган.

Кылмыштын бектин ачуу боюнча Ош ШИИБдин Сулайман- Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тез арада оперативдүү иш чаралар алынып барылып, бул оор кылмышка шектүү катары 14-август күнү саат 05:00 чамаларында  аны менен бир кичирайондо жашап турган таанышы — 1961-жылы туулган  Ө.А. кармалды.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүү менен каза болгон жарандар мурда тааныш болушкан.  12-август күнү Ош шаарындагы «Винт» бильярд клубунда жолугушуп, бильярд ойноп жатып алкоголдук ичимдиктерин ичишкен.

Бильярд клубунан чыгып, шектүүнү үйүнө баргандан кийин дагы алкоголь ичимдиктерин ичүүнү улантышкан.  Андан соӊ көчөгө чыгышып, өз ара  чырдашып, андан соӊ мушташып  кетишкен.   Натыйжада шектүү Ө.А. өз автомашинасынан  бычак алып чыгып, И.К.нын сол жак көкүрөгүнө сайып жиберген.  Шектүү Ө.А.  аны  каза болгон И.К. мас абалда аны ура баштагандыктан, кармана албай, машинамда турган бычак менен сайып жибергендигин билдирген. Шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилип жатат.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды,  шектүү Ө.А.нын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин  122-беренесинин (адам өлтүрүү) белгилерине ылайык  кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>