Ошто төрөлгөн үч эм үйгө чыгарылды

Ошто төрөлгөн үч эм үйгө чыгарылды

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында төрөлгөн үч эм бүгүн, 13-сентябрда энеси менен биргеликте канааттандырарлык абалда үйгө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-август күнү Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Каратаева Гүлжамал кош бойлуулуктун 33/2 жумалыгында Ош шаардык төрөт стационарында үч эмди операция жолу менен жарык дүйнөгө алып келди.

Үч эм кыздардын салмактары:

— 1855,0 гр,

— 1600,0 гр,

— 1390,0 гр.

«Эненин жана ымыркайлардын абалы жакшы. Бул күнгө чейин Гүлжамал бир кыздын энеси болсо, эми минтип үч кызды төрөп төрт баланын энеси болгонуна кубанычында чек жок. Кыздардын ысымын Рабия, Алия жана Асия деп аташкан», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, быйылкы жылы үч эмдин төрөлүшү бешинчи ирет катталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Ош үч эм

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>